Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Ошто жашыруун басмакана, Караколдо “хизбутчу” кармалды


Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы Ошто жашыруун иштеп жаткан басмакана аныкталып, ага байланыштуу эл аралык террорчул уюмга көмөк көрсөттү деген шекте бир жаран кармалды. Жалал-Абад облусунун бир нече ирет соттолгон бул тургунунан паспорт, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, диплом, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу 94 түрдөгү жасалма документтер табылган.
Ал эми Караколдо радикалдык-экстремисттик «Хизбут-Тахрир» уюмунун 1964-жылы туулган мүчөсү кармалып, анын колунан экстремисттик мүнөздөгү маалыматтар топтолгон электрондук жабдык алынган.Атайын кызматтын маалыматына караганда бул жаран Кылмыш кодексинин улуттук, диний, аймактык каршылашууну козутуу багытында аракеттенди, экстремисттик материалдарды таратты деген өндүү беренелер боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде издөөдө жүргөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG