Мындай макулдашуу Ооганстандын Жогорку тынчтык кеңешинин делегациясынын Пакистан бийликтери менен сүйлөшүүлөрүндө жетишилгенин эки тараптын булактары билдиришүүдө.
Сүйлөшүүлөр Исламабадда кечээ өткөн. Ооганстандагы тынчтык жараяндын келечеги көп жагынан ооган өкмөтү менен "Талибандын" айрымдары Пакистанда жайгашкан лидерлери ортосундагы сүйлөшүүлөргө көз каранды.
Ооган делегациясы Пакистанга талиб колбашчылардын бири, 2010-жылы кармалган молдо Абдул Гани Барадарды бошотуу мүдөөсү менен барган.
Өз тарабына талиб козголоңчуларынын чоң бөлүгүн тарта алат деп саналган Барадар абактан чыкчулар арасында барбы же жокпу, азырынча анык эмес. (UE)