Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Сарык илдети былтыркыдан эки эсеге көбөйдү


Бул тууралуу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев “Азаттыкка” билдирди. Дарыгердин айтымына караганда ооруканада былтыркы эки айдын ичинде Гепатит А илдетине кабылгандардын саны 300дөн ашык болсо, быйылкы эки айда сарык менен 700дөн ашык киши дарыланды.
400 орундуу бул оорукана азыр сарык илдети менен 200дөн ашык бейтап жатат, алардын 85 пайыздан ашыгы жаш балдар, дейт Гүлжигит Аалиев.
Саламаттык сактоо министрлиги сарык илдетине байланышкан жагдай азыр бир калыпта экендигин, бул илдет менен жабыркагандардын саны декабрь айынан тарта азаярын белгилеп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. (BuS)

XS
SM
MD
LG