Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Казакстан экстремизмди үгүттөгөн 950дөй сайтты жапты


Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Кабдулкарим Абдилказымов билдирди.

Анын айтымында, экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон сайттардын 950дөй январь айынан бери сот чечими менен жабылды. Дагы 150дөн ашуун сайтты жабуу маселеси иликтенүүдө.

Бирок Абдилказымов белгилегендей, ал сайттардын көбү Европада жайгашкандыктан Казакстан кызматташтыкка муктаж.

Былтыр май айында Актөбө шаарында биринчи жанкечти жардыруу жасагандан бери казак коопсуздук күчтөрү өлкөнүн батышында бир нече антитеррордук операция өткөрдү. (UE)

XS
SM
MD
LG