Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:45

«Фергана.Ру» Мамлекеттик байланыш агенттигин сотко берүүнү көздөөдө


Сайт Мамлекеттик байланыш агенттигине жетиштүү аракеттенген жок деген доо коюуда. Адвокат Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда «Фергана.Ру» сайтына коюлган тосмону алып салуу жөнүндөгү өтүнүч катка Агенттиктин жетекчилигинин жообу сотко кайрылууга негиз берүүдө.
Жооп катта мамлекеттик агенттик сайтка тосмо коюуга Парламенттин 2011-жылдын 9-июнундагы токтому негиз болгондугу, анда сайтка Кыргызстандын маалымат айдыңында тосмо коюу боюнча чара көрүү сунушталганы белгиленген.
Жогорку Кеңештин токтому 2010-жылдын апрель, июнь окуяларын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын баяндамасынын чегинде кабыл алынган.
Нурбек Токтакунов Жогорку Кеңеш веб сайтты жабуу сыяктуу иштерди чече албайт жана андай тапшырманы аткарууга Мамлекеттик байланыш агенттиги милдеттүү эмес болчу деп эсептейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG