Орусиянын Жогорку Соту шаршембиде эгер учакта ылайыктуу шарт болбосо, аба каттамдарынын майып арабачан жүргүнчүлөрдү албай коюуга укугу бар деген өкүмдү колдоп берди. Транспорт министрлигинин жардыгы боюнча, зарыл шарты же орун жок болсо, аба каттамдары майып арабадагы же замбилде жаткан жүргүнчүлөрдү албай коюуга укуктуу.
Москвадан Германияга бараткан майып жүргүнчүлөр тобун учакка албай коюшкандан кийин керектөөчүлөрдүн "Коомдук көзөмөл аракетте" деп аталган уюму сотко кайрылган эле. "Еа Берлин" аба каттамынын учкучу анын учагы экиден ашык майып арабачан жүргүнчүнү ала албайт деп айткан. Майыптар тобу Германияга майыптарга Германияда коомдук жайларда тоскоолдуксуз жүрүшүнө Германияда кандай шарт түзүлгөнү боюнча семинарга баратканда жолдон калып калышкан эле.