Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

БУУ Шри-Ланкадагы трагедиялуу калпыстыгын мойнуна алды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 2009-жылдагы Шри-Ланкадагы ички согуштун мезгилинде миндеген карапайым тургундарды уюм коргоп кала албагандыгын билдирди.

БУУнун бул өлкөдөгү миссиясы тууралуу докладдын мазмуну ачыкка чыгып кеткенден кийин сүйлөгөн сөзүндө Пан Ги Мундун сөзү боюнча, отчетто БУУнун «өз милдетин аткарышына анын системасы» бөгөт болгондугу айтылат.

Докладда Коломбодогу БУУнун кызматкерлери карапайым тургундардын өлүмүнө жол бербөө алардын милдети болгондугун түшүнбөгөндүгү, БУУнун өкүлдөрү менен катар уюмга мүчө мамлекеттер кырдаалга кийлигишүүдөн тайсалдап, жаңжалды «аракетсиздиктин боштугунда» калтыргандыгы айыпталат.

Былтыр жарык көргөн БУУнун бөлөк отчетунда Шри-Ланкадагы согуштун акыркы айларында тамил улуттук азчылыгынын 40 миң чакты карапайым өкүлү кырылган болушу мүмкүн деп айтылган эле.

XS
SM
MD
LG