Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

Аскаровдун адвокаттары БУУга арыз жолдошту


Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө кесилген Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов жана "Ачык коом акыйкаттык" демилгесинин эксперттери 115 беттен турган арызды Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары комиссиясына кечээ тапшырышты.

"2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык жаңжалда Аскаровдун негизсиз кармалышы, анын камакта токмоктолушу, ойдон чыгарылган айыптоолордун коюлушу, коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгон күбөлөрдүн сотко катыша албагандыгы сыяктуу кырдаалдар акыйкаттыкты муунтуунун классикалык үлгүсү болуп калды" деп жазат арызда "Акыйкаттык" демилгесинин аткаруучу директору Жеймс Голдстон.

"Улуттук жек көрүүчүлүктү козуткан, массалык тополоңду уюштуруп, ага катышкан жана тартип коргоочунун өлүмүнө тиешеси бар" деген айып менен 61 жаштагы Азимжан Аскаровду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан соттун чечимин Кыргызстандын Жогорку Соту былтыр декабрда күчүндө калтырган эле.

Укук коргоочулар азыр ден соолугу начарлап кеткендиги айтылып жаткан Аскаровдун сот иши саясий процесс болду деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG