Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Кыз ала качуунун жазасын катаалданткан мыйзам каралат


Жогорку Кеңеште Кылмыш кодексине кыз ала качуунун жазасын катаалданткан өзгөртүү киргизүү үчүнчү окууда каралат. Бул тууралуу аталган өзгөртүүнүн демилгечиси депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Ага ылайык, Кылмыш кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизилип, ала качуу аракети адам уурдоого тете бааланып, кыз ала качкандар 7 жылга чейин, 18 жашка чыга электерди ала качкандар 10 жылга эркинен ажыратылат.

Талкуу учурунда айрым депутаттар мындай демилгеге каршы чыгып, бул ошол кыздардын мыйзамды өз кызыкчылыгына пайдаланышына жол ачарын билдиришкен. Эми Кылмыш кодексине өзгөртүү үчүнчү окууда да депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, андан соң ага президент кол койсо, күчүнө кирмекчи.

Укук коргоочулардын маалыматында, Кыргызстанда жылына 10 миңден ашуун кызды ала качышат. Бирок ал ишти жасагандардын дээрлик баары жазасыз калат. (BkA)

XS
SM
MD
LG