Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктады. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады. Анын айтымында, буга чейинки соттук жараянда тараптар жарыш сөзгө чыгып, айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн айткан болчу. Бүгүнкү соттук жараянда 4 айыпталуучу акыркы сөзүн айтат жана андан соң сот өкүмү белгилүү болмокчу.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда. Алардын арасында мурдагы президенттин иниси, ошол кездеги Күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев да бар. (BkA)