Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттон маалымдашты. Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктады. Бүгүн үч айыпталуучу акыркы сөзүн айтты. Акыркы айыпталуучу соңку сөзүн 22-ноябрдагы процессте айтат жана сот бул иш боюнча сот өкүмүн угузат.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов жана анын айдоочусу Кубат Сулайманов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун өлүмүнө байланыштуу он кишиге айып тагылууда. Алардын арасында мурдагы президенттин иниси, ошол кездеги Күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев да бар. (EBM)