Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Курманбек Темирбаевдин иши сотко өттү


Бишкек шаардык прокуратурасы президенттин иш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Курманбек Темирбаевдин ишин тергеп бүтүп, сотто жөнөттү. Темирбаев "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган", "кызмат укугунан аша чапкан" деп айыпталып жатат.

Тергөөдө Темирбаев 2007-жылы Бишкек мэриясы аркылуу алган жерди ал жерге курула турган көп кабаттуу үйдөгү төрт батирге алмаштырып жибергени аныкталган. Бул иш боюнча айыпталган анын орун басары Балбак Түлөбаев учурда “Республика” партиясынан талапкер катары шаардык кеңешке шайлоого катышып жатат. Аны кылмыш жообуна тартуу үчүн прокурорлор Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жолдоду. (EBM)

XS
SM
MD
LG