Тбилисиден түшкөн кабарларга караганда, Ички иштер министрлигинин мурдагы тогуз расмий өкүлү кармалды.
Алардын арасында министрликтин Конституциялык коопсуздук департаментинин башчысы Ливан Кардава да бар.
Кардаванын адвокатынын журналисттерге билдиргенине караганда, анын кардары жана башкалар кызматынан кыянат пайдалануу, адамды эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу деген айыптар менен кармалышты.
Иш жыл башында азыркы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин жан сакчысынын уурдалганы менен байланышы бардай.
Кечээ Брюсселде грузин өкмөт башчысы Иванишвили менен жолугушуу учурунда НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен өлкөнүн мурдагы ички иштер министри, армия Генштабынын башчысы жана армиянын дагы бир генералынын үстүнөн кылмыш иши ачылуусуна тынчсыздануу билдирген.
Расмуссендин айтымында, алар саясий жүйөсү бар иш катары каралып калбоосу керек. (UE)