Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Айыл өкмөттөрдө жайыттардын чеги аныкталып жатат


Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, ушул тапта 219 айыл өкмөттүн жайыттарынын чеги аныкталды жана жергиликтүү каттоо органдарында жазылды. Калган 183 айыл өкмөтүндө тактоо уланууда, ал эми дагы 50дөй айыл өкмөттө иш эми башталмакчы.

Кыргызстанда 2009-жылы "Жайыттар жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жайыт чектери аныкталышы керек.

Өлкөдө 9 миллиондой гектар жайыт жер бар жана аны көзөмөлдөө милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген. (EBM)

XS
SM
MD
LG