Барак Обаманын 17-ноябрда баштала турган сапарын утурлай Бирма 452 адамды абактан чыгарарын жарыялады.
Мамлекеттик маалымат каражаттарынын жазганына караганда, алардын арасында диссиденттер да болот.
Бирманын өкмөтү учурда өлкөнү сырт дүйнөгө ачууну максат кылган демократиялык реформаларды киргизүүдө.
Азыркы өзгөрүүлөр ондогон жылдарга созулган, адам укугун бузуу, демократиялык принциптерди тебелөө менен коштолгон аскерий башкаруунун артынан болуп жатат.
АКШ президенти сапары учурунда Бирманын азыркы лидерлерин демократиялык реформаларды улантууга шыктандырмакчы.
Обама Бирмада Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи менен да жолугат. Он беш жыл үй камагында отурган соң ал быйыл парламентке шайланган.
(UE)