Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ысык-Көл районунда эки окуучу жанын кыйды


Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө башчысы Мелис Чокенов билдирди. Анын айтымында, 12-ноябрда Ананьево айылында 1996-жылы туулган Азамат Жаныш уулу өз үйүндөгү сарайда жипке муунуп өлгөн.

Экинчи окуя ушул эле райондун Семеновка айылында 15-ноябрда болду. 1995-жылы туулган Улукбек Урматбековдун денеси үйүндөгү мал сарайда жипке асылган жеринен табылды.

Учурда бул эки окуя боюнча териштирүү башталды, өз жанын өзү кыюу себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалымат боюнча, балдардын үй-бүлөлөрүндө чыр-чатак болуп, ата-энелери менен араздашкан эмес. (MK)

XS
SM
MD
LG