Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Евроаймактын экономикасы рецессияга түштү

Евробиримдиктин статистикалык мекемесинин бүгүнкү маалыматына караганда, 17 өлкө мүчө евроаймактын экономикасы рецессияга быйыл жайдан тарта кирген.

Соңку эсептер июль менен сентябрдын ортосунда экономика 0,1% кыскарганын көрсөттү.

Ага чейинки үч айда болсо экономика 0,2% төмөндөгөн. Бул - евроаймактын 2009-жылкы каржы кризистен берки экинчи рецессиясы.

Аймактын эң ири экономикалары: Германия менен Франция калган өлкөлөрдү алга тартып кете алган жок. Алардын акыркы кварталдагы өсүшү 0,2% түзгөн.

Чоң өлкөлөрдүн Италияда, Испанияда, Нидерландия да экономика кыскарган.

Экспортко көп товар чыгаргандардын бири – Бельгия стагнацияга кабылган. (UE)
XS
SM
MD
LG