2010-жылдагы мунай кырсыгына байланыштуу BP мунай компаниясы АКШнын бийликтерине алдыдагы алты жылда төрт жарым миллиард доллар төлөп берүүгө макул болду. Мунай кениндеги суунун булгашына алып келген мухит түбүндөгү жарылууда 11 киши набыт болгон эле.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан корпорация ошондой эле Конгресстин ишине бут тоскон деген айып боюнча күнөөсүн мойнуна алды. Ошол эле мезгилде компаниянын эки менеджерине киши өлтүрдү деген айып тагылганы маалым болду.
"Дипуотер Хорайзн" АКШнын тарыхындагы эң кесепеттүү деңиз түбүндөгү мунай кырсыгы болуп калган. Төлөмдөр боюнча макулдашуу "Бритиш Петролеум" менен АКШ бийликтеринин ортосундагы көп айларга созулган соодалашуудан кийин жетишилди.