Израил өз жарандарын "Хамастын" ракеталык чабуулунан коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрө тургандыгын билдирди. Шаршембиде Израил "Хамастын" аскер башчысын жок кылгандан кийин эки ортодо согуш аракеттери күч алып, эки жактан кеминде 16 кишинин каны төгүлдү. Израилдин өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху Газа тилкесинен атылган ракеталардан Израилдин үч жараны набыт болгондон кийин сүйлөдү:
– Калкынын аз дегенде бештен бири такай ракеталык чабуулдан коркуп жашаганын бир да өкмөт чыдап карап тура албайт. Ошондуктан Израил да унчукпай койо албайт. Менин өкмөтүм коргонуу күчтөрүнө Газадагы террордук инфраструктураларга каршы тандалма сокку урууга көрсөтмө берди.
Шаршембиде "Хамастын" аскер башчысы абадан урулган соккуда өлтүрүлгөндөн кийин Газа тилкесинен Израилди ракеталар менен аткылай башташкан. Каирде Египеттин президенти Мухаммад Морси сыналгыдан «Израилдин агрессиясын унчукпай карап турууга болбойт» деди. Вашингтондо Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни палестин согушкерлеринин ракеталык чабуулун актоого болбойт деген оюн ортого салды.