Ооганстандагы америкалык аскерлердин 2014-жылдан кийинки макамы тууралуу маанилүү сүйлөшүү Кабулда башталды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Ооганстанда канча чет элдик аскер калаары такталууга тийиш. Эки тарап ошондой эле Ооганстандагы америкалык аскерлерге ооган мыйзамы алдында соттолушунан иммунитет берүү маселесин такташат деп күтүлөт. Биргелешкен билдирүүдө Кошмо Штттары Ооганстанда туруктуу база же Ооганстандын коңшуларына коркунуч келтире тургандай масштабда аскер кармоону максат кылбай тургандыгы айтылат. Быйыл эки өлкө 2014-жылы Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийинки АКШнын бул өлкөдөгү ролун аныктаган стратегиялык келишимге кол коюшкан. Келишимде гумжардам, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу тууралуу сөз болуп, бирок аскерлердин саны айтылган жок. Кабулда башталган сүйлөшүү бир нече айга созулат деп күтүлөт.