Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Экс-министр Сабировго өкүм угузулушу мүмкүн


Бүгүн Биринчи Май райондук соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго өкүм угузаары күтүлүүдө. Буга чейин сот иши 12-ноябрга белгиленип, бирок белгисиз себептер менен Сабиров менен бирге айыпталып жаткан жардамчысы Тахир Мырзакметов сотко алып келинбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө калтырган.

Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү сот жараянында экс-министр көрсөтмө берет. Мурунку сот жараяндарында мамлекеттик айыптоочу Равшан Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Айыпталуучу жана анын жактоочусу муну жүйөсүз айыптоо деп билдиришүүдө.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылып, 5-июлда камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Экс-министр менен анын орун басары Гүлнара Дербишевага да дал ушундай айып менен кылмыш иши козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG