Бүгүн Бишкекте 2010-жылдагы июнь коогасында жапа чеккен ишкерлердин абалына арналган тегерек үстөл өтөт. Аны Оштогу “Эдвокаси” жана “Укук жана перспектива” уюмдары уюштуруп жатышат.
Уюштуруучулардын айтымында, коогадан жапа чеккен айрым ишкерлер банктардан алган насыяларын төлөй албай кыйналып келишүүдө. Ошондон улам тегерек үстөлдө мындай абалдан чыгуунун жолдору талкууланмакчы.
Буга чейин парламент “Жабыркаган ишкерлерди колдоонун кошумча чаралары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул долбоорго ылайык, жабыркаган ишкерлер алган насыяга 3 жылдык мораторий киргизүү жагы каралган. Мыйзам Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынып, бирок банк түзүмүнүн саясатына дал келбейт деген негизде президент аны парламентке кайра жөнөткөн.
Коогада жабыркаган ишкерлердин саны бир миң эки жүздөй экени айтылып келет.(BkA)