Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Ысык-Көл: жол кырсыгында каза тапкан балдар саны көбөйдү


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттыкка” билдиришинче, аймакта быйыл он айдын ичинде балдар катышкан 77 жол кырсыгы катталды. Былтыр ушул маалга чейин 65 факт болгон. Кырсыкта 14 бала мерт болуп, 87си ар кандай жаракат алды. Былтыр өлүмгө кабылган балдардын саны 10го жетип, жаракат алгандары 67 болгон.

Жол кырсыктын басымдуу бөлүгү Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорунда катталууда. (MK)

XS
SM
MD
LG