Жогорку Соттун сот процесстери өтчү залдарына жыйындарды видео жана аудиого жаздыруу үчүн атайын камералар орнотулду. Тартылган жыйындарды башка санариптик дисктерге көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлөт. Бул Кыргызстандагы сот реформасынын алкагында ишке ашып жатат.
Учурда Бишкекте Свердлов менен Октябрь райондук соттордун залдарында да ушундай камералар орнотулган. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады. (EBM)