Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:13

Элдар Мадылбеков 2013-жылдын 15-январына чейин камакта болот


Жогорку Сот парламент депутаты Турат Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун баш коргоо чарасы тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, 10-ноябрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Элдар Мадылбековдун азыркы баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Кечээ Жогорку Соттун кылмыш жана административдик иштер боюнча коллегиясы Элдар Мадылбековду үй камагына чыгаруу тууралуу чечим чыгарган болчу.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева Биринчи май райондук соттун чечими күчүндө калганын, Элдар Мадылбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында 2013-жылдын 15-январына чейин камаларын “Азаттыкка” билдирди.

Элдар Мадылбеков апрель окуясынан кийин Бишкек шаардык прокуратурасында иштеп турганда Бакиевдерге тиешелүү мүлктү “жасалма документ менен менчиктеп алып, кийин сатып жиберген” деп айыпталууда.

Ал 15-сентябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча депутат, “Ата Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаровго да кылмыш иши козголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG