Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Гаага трибуналы 2 генералды актады


Гаага трибуналынын апелляциялык соту согуш кылмыштары үчүн айыпталган хорватиялык эки генералды актап, дароо бошотуу чечимин чыгарды. Генерал Анте Готовина жана Младен Маркач 2011-жылы 24 жана 18 жылга түрмөгө кесилген. Алар 1995-жылы Балкандагы согуш маалында Хорватиянын Краина деген чөлкөмүнөн серб козголоңчуларын сүрүп чыгуу операциясын жетектеген деп күнөөлөнгөн. Анын жүрүшүндө Краинадан 200 миңдей этникалык серб куулуп, кеминде 150 киши өлтүрүлгөн.

Өткөн жылы БУУнун трибуналы генералдар Хорватиянын экс-президенти Франьо Тужман жетектеген кылмыштуу кутумга катышкан деп тапкан. Бирок апелляциялык судьялар андай кутум болгон эмес деген чечим чыгарышты. Готовина менен Маркачты мекенинде каармандар катары кабыл алышат. Миңдеген киши Загребде сотту түз эфирде көрүштү.

XS
SM
MD
LG