Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда тогуз айдын ичинде өспүрүмдөр сексуалдык зомбулукка кабылган 116 факт катталды. Мындай көрсөткүч былтыр 80, ал эми 2010-жылы 75ти түзгөн. Быйыл бачабаздын курмандыгы болгондордун дээрлик жарымы жашы 10го жете элек балдар болуп эсептелет.
Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Нина Устинова “Азаттыктагы” маегинде мындай кылмыштын санынын өсүп жатканын тартип коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тиешелүү деңгээлде иш алып барбай жатканы менен байланыштырды.
Буга чейин Жогорку Кеңеште бачабаздарды бычып жазалоо (кастрация) тууралуу сунуш көтөрүлгөн болчу. (TTo/EBM)