АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги – ЦРУ мурдагы жетекчиси Дэвид Петреус боюнча ички иликтөө баштады. Генерал Паула Броудвэл аттуу бир аял менен жеке мамиле курганын моюнга алып, өткөн жумада кызматынан кеткен Петреуска айып тагылбашы мүмкүн. Бирок анын ойношу менен кат алышуусунда мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар табылса, чара көрүлүшү мүмкүн. ЦРУнун басма сөз өкүлү билдиргенине караганда, иликтөө жаңжалдан сабак алууну көздөйт. АКШнын башкы прокурору Эрик Холдердин айтымында, Федералдык иликтөө бюросу – ФБРдин текшерүүсү азырынча бул иш улуттук коопсуздукка коркунуч туудурбаганын аныктады. Кечээ мыйзам чыгаруучулар жаңжал боюнча ЦРУ жана ФБРдин маалыматтарын угушту.