Пакистан Ооганстандагы жарашуу процессине жардам иретинде талип туткундарынын бир тобун азат кылды. Ооганстандын расмий адамдары билдиришкендей, Исламабад кечээ бошотулган 8 кишиден тышкары жакында дагы бир нече талипти койо бермекчи. Мындай макулдашууга Ооганстандын Тынчтык боюнча кеңешинин делегациясы Пакистанга барганда жетишилген. Кабул "Талибандын" кол башчыларынын бири молдо Абдул Гани Барадарды бошотууну сураган. Бирок анын абактан чыгып-чыкпаганы белгисиз. "Талибан" бул кадамды кубаттаган билдирүү жасады.