Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Петреус Бенгазидеги чабуул боюнча суроолорго жооп берди


АКШнын Борбордук Чалгындоо агенттигинин экс-жетекчиси Дэвид Петреус Бенгазидеги консулдукка болгон чабуул боюнча конгрессмендердин суроолоруна жооп берди. Генерал Өкүлдөр палатасынын жана быйыл 11-сентябрда болгон окуяларды иликтеген Сенаттын комиссиясынын жабык жыйынына чакырылган. Дипмиссияга чабуул учурунда АКШнын Ливиядагы элчиси Крис Стивенс жана америкалык дагы 3 киши набыт кеткен. Консулдуктун коопсуздугу жана кризисти жөндөө конргессмендердин көптөгөн суроолорун жараткан. Бейшембиде мыйзам чыгаруучулар ЦРУ менен ФБРдин жетекчилерин угуп, чабуул тартылган видеону көрүшкөн. Кечээки угууларда Петреустун кызматтан кетишине алып келген жаңжал да козголушу мүмкүн. Генерал никеден тышкары бир аял менен жеке мамиле курганын моюнга алып, 9-ноябрда отставкасын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG