Ооганстандын Фарах вилайетинде жума күнү бомба жарылуусу кеминде 17 кишинин өмүрүн кыйды. Чөлкөм өкмөтүнүн маалымат катчысы Абдул Рахман Завандай "Азаттыкка" билдиргендей, каза болгондордун көбү аялдар менен балдар. Андан тышкары ондогон киши жараат алды. Бомба үйлөнүү тоюна бараткан кичи автобуска тийген. Окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган эок. Бирок вилайеттин жетекчилиги "Талибан" согушкерлерин күнөөлөп жатат.