Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

Бишкекте күзгү сүрөт көргөзмө ачылды


Кечээ Бишкекте эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Ал көргөзмө Гапар Айтиевдин өзүнүн атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөрүлүүдө. Бул тууралуу музейдин жетекчиси Юристанбек Шыгаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көргөзмөгө кыргызстандык 150 сүрөтчүнүн живопись, графика жана скульптура жанрындагы 200гө жакын эмгектери коюлду. Көргөзмө бир айга созулат.

Гапар Айтиев кыргыз тарыхындагы эң алгачкы профессионал сүрөтчү катары белгилүү. Сүрөтчү 1912-жылдын 28-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулуп, 1984-жылы каза болгон. (ZB)

XS
SM
MD
LG