Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

Израилдин аскерий учактары "Хамастын" Газадагы баш кеңсесине сокку урду


Аскерий учактар бүгүн "Хамас" көзөмөлдөгөн Газада премьер-министр Исмаил Ханиянын кеңсесин жана полиция бекетин бутага алды. "Хамастын" өкүлдөрүнүн айтымында өкмөт башчынын кеңсеси “толугу менен талкаланды”.

Дарыгерлердин айтымында, Израилдин өткөн түнкү аба соккусунан кеминде үч адам мерт болгон. Газа менен чектешкен жерге аскерлерди топтоштурган Израил өкмөтү кечээ кечинде резервден 75 миң жоокер чакыруу чечимин кабыл алды. Мындан улам эми кургактан да операция өткөрүлүшү мүмкүн деп күтүлүүдө.

Кырдаал кечээ "Хамас" Иерусалимди көздөй ракета аткандан кийин курчуп кетти. Иерусалимге ракета жеткен учур 1970-жылдардан бери болгон эмес.

"Хамас" Израилдин борбору Тел-Авивди көздөй да ракета аткан. Аскерий учактар бүгүн таңга маал Газада курал катылат же ташылат деп шектелген туннелдерге, электр странцияларына да сокку урган. (UE)

XS
SM
MD
LG