Өлкөнүн энергетика министри Юрий Бойконун сыналгыдан билдиргенине караганда, Украинаны орус газынын баасы канааттандырбай жатат.
Быйыл Украинанын Орусиядан 26 миллиард куб метр газ алат, бул алгач мерчемделгендегиден 1,5 миллиард куб метрге аздык кылат.
Украин министри белгилегендей, азыр аларда газды Германиядан Орусия койгон баадан 40-70, жайында 100 долларга чейин арзан алууну караган макулдашуу бар.
Украиндердин “Нафтогаз” ишканасынын маалыматына караганда, быйылкы жылдын төртүнчү чейрегинде алар газдын 1000 куб метрин 430 доллардан алууда.
“Нафтогаз” мурдараак келерки жылы Орусиядан алынуучу көгүлтүр от көлөмү дагы азайтылып, 20 миллиард куб метрге түшүрүлөөрүн билдирген. (UE)