Бул тууралуу кечээ премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Талас облусуна сапары учурунда билдирди.
Анын айтымында, кайтарымсыз грант үчүн тиешелүү документтер даярдалып жатат. 16-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефондон сүйлөшүп, анда Орусия өкмөт башчысы Кыргызстандын бюджетинин туруктуулугун колдоо үчүн кайтарымсыз грант түрүндө 25 миллион доллар бөлөөрүн билдирген.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы бюджет таңсыктыгы 21 миллиард сомдон ашса, келерки жылкы бюджет таңсыктыгы 17 миллиард сомго жакын болоору болжолдонууда. Мындан улам өкмөт казына таңкыстыгын жөнгө салуу үчүн 3,5 миллард сомго чейинки каржылоону кыскарта турууну сунуштап жатат. (BkA)