25-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого мөнөөтүнөн мурда добуш берүү жүрүп жатат.
“Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, шайлоо күнү өзү катталган аймакта болуп, добуш бере албай турган адамдар кечээтен бери мөөнөтүнөн мурда добуш беришүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, бүгүнкү күнө карата өлкө боюнча 21 адам алдын-ала добуш берүүгө катышкан.
Добуш берүү шайлоо күнүнө тогуз күн калганда башталып, бир күн калганда токтотулат.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Ал Кыргызстандын 25 шаарында жана 416 айылдык округунда өтөт.