Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Бинямин Нетаняху өкмөт жыйынында билдирди.
Бүгүн Израил палестиндердин "Хамас" кыймылы көзөмөлдөгөн Газа секторун абадан жана деңизден атып жатканына беш күн болду.
Соңку аткылоолордон, палестиналык күбөлөрдүн айтымында, берүүлөрүн сателлит аркылуу таратуучу “ал-Кудс” телеканалынын имараты талкаланган.
Ирандын Пресс ТВ телеканалынын имаратына да эки ирет бомба тийген. Бир нече журналист жаракат алганы да кабарланды.
Израил армиясынын айтымында, алардын аймагына Газадан атылган үч ракета түштү. Борбор Тел-Авивде сиреналардын добушу төртүнчү күн катары менен жаңырып, шаардын үстүнөн эки ракета зыянсыздандырылган.
Палестин тараптын билдиргенине караганда, Израил азыркы чабуулун баштаган шаршемби күндөн бери Газада 50дөй кишинин өмүрү кыйылды.
Ал эми Газадан атылган ракеталар Израилдин үч тургунун мерт кылган.
Израил тараптын ырастоосунда, алардын аракети "Хамас" кыймылы көзөмөлдөгөн сектордон өлкө аймагына ракета атылышын токтотуу максатын көздөйт.
Бул аралыкта Араб лигасы алардын делегациясы Газага 19-ноябрдан кечикпей барарын жарыялады. (UE)