Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Индияда улутчул саясатчыны акыркы сапарга узатууга он миңдеген адам жыйналды


Бал Таккерея.
Бал Таккерея.
Индустардын улутчул “Шив Сена” (Шиванын армиясы) партиясынын негиздөөчүсү Бал Таккереяны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү өлкөнүн соода борбору – Мумбайда өтүп жатат.

Өз партиясын 1966-жылы мекенинде исламдын жайылышына жол бербөө, Махараштра штатын Түштүк индиялык мигранттардан сырт кармоо максатында негиздеген саясатчы 86 жаш курагында кечээ каза тапкан.

Саясатчынын өзүнө расмий айып коюлбаганы менен өкмөттүн иликтөөсү аны Мумбайдан 1990-жылдарда 1000дей кишинин өмүрүн алган тополоңдор учурунда мусулмандарга каршы кастыкты козутканы үчүн күнөөлөгөн.

Таккерея болсо мындай айыптарды четке кагып келген. (UE)

XS
SM
MD
LG