Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Кытайда дагы бир тибеттик өзүн-өзү өрттөдү


АКШда жайгашкан, "Тибет үчүн эл аралык өнөктүк" деп аталган уюмдун билдиргенине караганда, бул ирет өзүн Чагмо Ки ысымдуу аял өрттөгөн. Ал эки баланын энеси.

Окуя Цинхай провинциясынын Тонгрен районунда болду.

"Тибет үчүн эл аралык өнөктүктүн" маалыматына караганда, ушул Тонгрен аймагында 4-ноябрдан бери эле Кытайдын башкаруусуна каршы сегиз адам өзүн -өзү өрттөгөн.

Ал эми 2009-жылдын февраль айынан бери мындай кадамга 75 тибеттик барып, алардын көпчүлүгү өрттөн алган жараатынан каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG