Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Оң рулдуу машинелерге тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү


Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев көтөрүп чыкты. Анын жүйөсүндө, акыркы жылдары жол кырсыктарынын өсүшүнө оң рулдуу машинелердин көбөйгөнү да себеп болууда. Мындан улам депутат 2013-жылдан тарта мындай машинелерди Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салууну сунуштап жатат.

Оң рулдуу машинелер жөнүндө талаш көп жылдан бери эле уланып келатат. Буга чейин 2008-жылы парламент депутаттары 2010-жылдан баштап оң рулдуу машинени колдонууга тыюу салуу мыйзамын кабыл алып, бирок мыйзамга андагы президент Курманбек Бакиев кол койбой, каршы пикири менен артка кайтарган.

Эл өкүлдөрүнүн мындай чечимине нааразы болгон оң рулдуу айдоочулардын кошууну нааразылык акциясын да өткөрүшкөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG