Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү адам укуктары боюнча декларация кабыл алды


Соңку беш жылдан бери талкууланып келген декларация АСЕАН (ASEAN) уюмуна кирген өлкөлөрдүн Камбожа борбору Пномпендеги бүгүнкү саммитинде кабыл алынды.

Бирок декларация тексти адам укугун коргоочу уюмдарды анча канааттандырган жок.

“Хьюман Райтс Уотч” декаларациянын кемчиликтери жетиштүү оңдолбогонун белгиледи.

Мурдараак укук коргоочу уюмдар документ долбоору эл аралык стандарттарга ылайык эместигин билдиришип, анда адам укуктарын улуттук коопсуздук жана коомдук морал жүйөлөрүнөн улам чектөө мүмкүнчүлүгү бардыгына көңүл бурушкан.

АСЕАН уюмуна Бруней, Бирма, Камбожа, Индонезия, Лаос, Малазия, Филиппин, Сингапур, Таиланд, Вьетнам кирет.

Алардын жыйыны артынан эртең жана бүрсүгүнү Австралия, Кытай, Индия, Жапония, Жаңы Зеландия, Орусия, Түштүк Корея, АКШ кошулуп, Чыгыш Азия саммити өткөнү жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG