Барак Обаманын бүгүн Таиландда иш сапарда жүргөн жеринен айтканына караганда, Вашингтон Израилдин Газадан атылган ракеталардан коргонуу укугун толугу менен колдойт:
- Дүйнөдө чек арасынын тышынан жарандарынын үстүнө ракета түшүүсү менен келишүүчү бир да мамлекет жок. Андыктан биз Израилдин адамдардын үйүнө, иш орундарына түшүүчү, балким жарандарды өлтүрүүчү ракеталардан коргонуу укугун толугу менен колдойбуз.
Бирок АКШ президенти белгилегендей, Газа кризиси Израилдин аскерий аракети күчөтүлбөстөн чечилгени оң.
Барак Обама ошондой эле Газадагы согушкерлерди Израилдин аймагына экстремисттик ракеталарды атып, муну менен кризисти жаратканы үчүн айыптады.
АКШ президентинин бул сөздөрүнүн алдында Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху алар Газага чабуулун “олуттуу кеңейтүүгө” даяр экендигин айткан:
- Израилдин коргонуу күчтөрү Газа секторунда миңден ашуун террордук буталарга чабуул жасады жана операциясын ушул тапта улантууда. Мындан улам Израилге багытталган куралдарга, аны колдонуп, жөнөтүп жаткандарга олуттуу сокку урулду. Израилдин коргонуу күчтөрү операциясын олуттуу кеңейтүүгө даяр.
Бүгүн Израил палестиндердин "Хамас" кыймылы көзөмөлдөгөн Газа секторун абадан жана деңизден атып жатканына беш күн болду.
Чек арага танктар менен кошо миңдеген аскерлер топтоштурулду.
Соңку аткылоолордон "Хамас" менен алакасы бар “ал-Кудс” телеканалынын имараты талкаланган. Ирандын Пресс ТВ телеканалы да имаратына эки ирет бомба тийгенин билдирди. Бир нече журналист жаракат алганы да кабарланды.
Орусиянын англис тилиндеги Russia Today телеканалы анын имараты да аба соккуларынан зыян тартканын маалымдады.
Палестин тараптын билдиргенине караганда, Израил азыркы чабуулун баштаган шаршемби күндөн бери Газада 50дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.
Ал эми Газадан атылган ракеталар Израилдин үч тургунун мерт кылган.
Израил тараптын ырастоосунда, алар "Хамас" кыймылы көзөмөлдөгөн сектордон өлкө аймагына ракета атылышын токтотууга жетишүүнү көздөйт.
Бул аралыкта Ирандан парламент төрагасы Али Ларижани мусулман өлкөлөрүн палестиналыктарга курал жөнөтүүгө чакырса, Араб лигасы алардын делегациясы Газага 21-ноябрда гана барарын жарыялады. (UE)