АКШнын президенти Барак Обама Түштүк-Азиянын үч мамлекетине, анын ичинде Бирмага сапарын баштады. Жекшембиде ал Таиланддын баш калаасы Бангкокто өлкөнүн падышасы Пхумипон Адульядет менен жолугушту. 84 жаштагы падыша 2009-жылдан бери ооруканада жатат.
Обама ошол эле күнү мамлекеттин премьер-министри Йинглак Чинават менен да сүйлөштү. Кийинчерээк премьер-министр журналисттерге сүйлөп жатып, АКШ азыр Түштүк-Азияга кайрадан көңүл бура баштаганын анын өкмөтү колдойт деп айтты. “АКШ менен эки тараптуу кызматташтык региондо тынчтыкты, коопсуздукту жана бакубат жашоону сактоого салымын кошо алат”, - деп билдирди Чинават.
Бүгүн Бирмага сапарын Обама “бул өлкөнүн өкмөтүн колдоо эмес, мамлекеттеги демократиялык процесстердин жанданганын таануу” деп атады. Дүйшөмбү-шейшемби күндөрү америкалык президент Камбоджада болот жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин саммитине катышмакчы.