Түштүктөгү Карачи шаарында шийи мусулмандарынын мечитинин жанында дүрмөттөлгөн мотоцикл жарылып, кеминде эки адам мерт болду, 10 киши жаракат алды. Ал аймакта электр жарыгы өчүрүлгөн болчу, караңгыда атышуу да болгону кабарланууда. Бул чабуул шийилер ыйык Мухаррам айын белгилеп жаткан учурда болууда. Шийилер үчүн бул айда урушууга тыюу салынган. Пакистанда шийилер менен суннилердин тиреши Карачиде жана башка шаарларда узактан бери уланып келатат.
Ушул эле күнү түндүк-чыгыштагы Мираншах шаарында жолдо аскерлер баратканда бомба жарылды. Кеминде эки аскер көз жумду, бешөө жарадар болду. Мираншах – Түндүк Вазиристан регионундагы негизги шаар. Ооганстан менен чектешкен бул регион “Ал-Каида” террор уюму менен талиптердин активдүүлүгү өзгөчө байкалган аймак катары белгилүү.