Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

Төрт күндө Израил өкмөтүнүн интернет сайттарына 44 млн.жолу хакердик чабуул болду


Кечээ кабарлангандай, 14-ноябрда Израил Газа тилкесин аткылай баштагандан бери Тел-Авивдеги өкмөттүк мекемелердин интернеттеги баракчаларына 44 млн.ашуун хакердик чабуул катталган. Өлкөнүн финансы министри Ювал Штейниц айтканына караганда, алардын бирөөндө гана хакерлер сайттын ишин кыска убакытка бузганга жетишти. Бирок министр кайсыл сайт жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок. Чабуулга алынган сайттардын катарында өлкөнүн Коргоо күчтөрүнүн, премьер-министр жана президенттин, Тышкы иштер министрлигинин интернеттеги сайттары бар. Министрликтин расмий өкүлү кабарлагандай, хакердик чабуул дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарынан болгон, бирок көпчүлүгү Израилдин өзүнөн жана Палестинадан экени катталды.

XS
SM
MD
LG