Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Укук коргоочу коомчулукту үч эм төрөгөн энеге жардам берүүгө чакырат


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкекте ушул максатта акцияга чыгаарын билдирди:

- Мындай үч перзенттин энеси болуу ар кимдин эле бактысына туш келбейт. Бирок Мунара Сейитбековага азыр эч ким көңүл бурбай саламаттыгы начарлап, эң жаман акыбалда турат. Бул энени мамлекеттик тиешелүү органдар тезинен камкордукка алып, үй бериши керек эле. Бирок андай болбой жатат.

Ошондой эле Өндүрүш Токтонасыров кайрымдуулук кылууну каалаган жарандарга кайрылып, кыйын кырдаалга кептелген үч эм кыздардын энесине жардам берүүгө чакырууда.

Үч эм төрөп, ооруга чалдыккан Мунара Сейитбекова учурда Бишкектеги кардиология борборунда дарыланып жатат. 3 айлык ымыркайлар каралбай калгандыктан таенеси Таласка алып келип багууда. Сейитбекованын жакындары балдарга жөлөкпул төлөнбөй, мамлекет эч камкордукка албай жатканын билдирип келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG