Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Келечекте Кыргызстандын калкынын 10 пайызы пенсиясыз калышы мүмкүн


Бишкекте бүгүн пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча талкуу өтүп жатат. Анда келечекте жалпы элдин 10 пайызы пенсия албай калышы ыктымал экени жана алардын басымдуу бөлүгүн чет жерге иштегени кеткен мигранттар түзөөрү айтылды.

Социалдык фонд мигранттарды кийин пенсиясыз калбашы үчүн тапкан каражатынын кайсы бир бөлүгүн өз камсыздандыруу эсебине которуп турууга чакырып жатат.

Кыргызстанда учурда 545 миңден ашуун пенсионер бар. Адистердин эсептешинче, 2050-жылы алардын жалпы саны 1 миллионго жетиши ыктымал. (EBM)

XS
SM
MD
LG