Каржы министри Ольга Лаврова бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Министр акча качан түшөрү да азырынча так белгисиз экенин, грант пайдаланылгандан кийин Орусиянын каржы министрлигине отчет берилерин маалымдады.
Өткөн жума күнү президент Алмазбек Атамбаев орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Орусия Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 25 миллион доллар кайтарымсыз каражат бөлөрү маалым болгон. (EBM)