Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Москва: кыргызстандык дагы 5 наристе мекенине жөнөтүлдү


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өткөн жуманын аягында Москвада кароосуз калган 5 кыргызстандык наристе мекенине кайтарылганын маалымдады. Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарды Токмоктогу балдар үйүнө жайгаштырат жана багып алалууга жарамдуу тууган-туушкандарын издешет.

Ушуну менен былтыртан тарта Орусиядан 19 бала келди.

Соңку учурда Орусияда балдар үйлөрүндө кыргызстандык мигрант кыз-келиндер төрөп таштап кеткен наристелер көбөйүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG