Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстанда өткөн беш айда 384 экономикалык кылмыш аныкталды


Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат июнь айынан октябрга чейинки ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, беш айда 548 миллион сомго жакын чыгым келтирген 384 кылмыш иш аныкталган. Анын ичинен 184 миллион сомдон көбү мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн.

Ушул жылдын март айында ашкере жемкордукка баткан орган катары Каржы полициясы жоюлуп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы түзүлгөн болчу. Жаңы кызматка кадрлар сынак менен тандалып алынып, июнь айында расмий ишке киришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG